Урматтуу кардарлар!
Сиздерге маалымдайбыз: техникалык иштерге байланыштуу, 2025-жылдын 6-июлунан тарта «Беловодск» аманат кассасы (№037-07-14) убактылуу ишин токтотот.
Жаратылышы мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алгандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Кассанын кайрадан ишке кириши тууралуу кошумча маалымат биздин расмий веб-сайтыбыз жана социалдык тармактар аркылуу жарыяланат.
Биз менен болгондугуңуз үчүн рахмат!