07 Октябрь 2022 17:10

Тажикстан менен чектеш аймактагы чыр-чатактан жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы кардарлар үчүн маалымат

“Дос-Кредобанк” ААКы Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу чыр-чатактан жабыр тарткан кардарларынан келип түшкөн кайрылуулардын баарын карап чыгат жана колдоо көрсөтүүгө даяр: 

- насыяларды төгүү мөөнөтүн узартуу жагынан; 

- насыя келишимдеринин шарттарын карап чыгууга байланышкан төлөмдөрдү жана башка комиссияларды албоо боюнча;

- келишим боюнча шарттарды өз учурунда аткара албай калган учурларда айып төлөм (айып пул/туум) албоо боюнча; 

- каза болгон, жаракат алган, бизнесинен ажырап же үй мүлкү күйүп кеткен жарандардын насыясын жоюу;

- жабыр тарткан кардарларга жардам көрсөтүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрүнүн алкагында да чараларды көрүү. 

Бардык суроолор боюнча Банктын  8686 чалуу-борборуна байланышса болот. Ошондой эле (0225 00 86 86) Whatsapp номерине же Банктын office@doscredobank.kg электрондук дарегине электрондук каттарды, документтердин көчүрмөсүн (сканерленген документтерди дагы) жиберсеңиздер болот.