01 Июль 2024 09:07

Doscredobank’тан акча которуулар боюнча акция

Doscredobank’тан акча которуулар боюнча акция

Doscredobank өз кардарлары үчүн жаңы акцияны баштайт, ал 2024-жылдын 1-июлунан 2024-жылдын 31-декабрына чейин өтөт. Ар бир адам жөн гана акча которуу менен, акцияга катышып, баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Катышуу шарттары

Акциянын катышуучусу болуу үчүн Doscredobank тейлөө кеңселеринде Золотая Корона, Юнистрим, Астрасенд, UPTWestern UnionMoneyGram жана RIA системалары боюнча акча которууларды жөнөтүү жана алуу жетиштүү.

Акциянын этаптары

Акция эки этапта өтөт:

  • Биринчи этап: 2024-жылдын 01-июлунан 2024-жылдын 30-сентябрына чейин. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча байгелерди тапшыруу 2024-жылдын 10-октябрына чейин өтөт.
  • Экинчи этап: 2024-жылдын 1-октябрынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин. Экинчи этаптын жыйынтыгы боюнча байгелерди тапшыруу 2025-жылдын 20-январына чейин өтөт.

Катышуунун артыкчылыктары

  • Жөнөкөйлүк жана ыңгайлуулук: Акча которууларды жөнөтүүдө формалдуулук аз.
  • Коопсуздук: Сиздин каражаттарыңызды жана маалыматтарыңызды кепилденген коргоо.
  • Ылдамдык: Сутканын каалаган убагында акчаны тез жөнөтүү жана алуу.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо

Акциянын жыйынтыгы боюнча эки номинацияда жеңүүчүлөр аныкталат:

  1. Эң чоң көлөмдө транзакцияда жүргүзгөндөр.
  2. Эң көп санда которууларды жүргүзгөндөр.

Жеңүүчүлөр жөнүндө маалымат

Жеңүүчүлөр жөнүндө маалымат Doscredobank сайтында, ошондой эле банктын социалдык тармактарына жарыяланат.

Филиалдардын даректери Бөлүмдөр: Бардык бөлүмдөр | ДосКредоБанк (dcb.kg)

Сиздин ынгайлуулугуңуз үчүн тейлөө дареги 24\7  https://www.dcb.kg/kg/news/my-rabotaem-247 

Акча которууларды жөнөтүү же алуу үчүн Doscredobank’ты тандаңыз жана мыктылыктан, купуялуулуктан жана каражаттарыңыздын сакталышына ишенимдүүлүктөн ырахат алыңыз. Эсиңизде болсун: эми сиздин ар бир которууңуз – бул баалуу байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү!

Биздин акча которуу кызматыбыз (Акциянын программасы) жөнүндө кеңири маалымат алуу үчүн Doscredobank’тын каалаган бөлүмүнө кайрылсаңыз же 8686 номери аркылуу биздин колл-борборго чалсаңыз болот.

Doscredobank – акча которуулар дүйнөсүндө сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз!