10 Май 2024 12:05

Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу кесиптештер!

Бүгүн маанилүү күндү – Банк кызматкеринин күнүн белгилеп жатабыз! Бул бир аз токтолуп, финансы тармагын жана жалпысынан коомду өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз жөнүндө эстей турган убакыт.

Сиздердин ишке берилгендигиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр жана ар күнкү талыкпаган эмгегиңер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин жогорку жыйынтыктарга жетүүгө умтулуу аракетиңиздер биздин Банкты ийгиликтүү жана атаандашууга жөндөмдүү кылат.

Сиздердин жасаган эмгекти жана ишке берилгендикти баалайбыз жана сиздерге мындан ары ийгиликтерди, кесипкөй өсүүнү жана жумуштан ырахат алууну каалайбыз. Ар бир күн сиздерге кубаныч, өз күчүнө ишеним жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келсин!

Жакшы каалоо-тилектерим менен, Чолпон Молдалиевна, Doscredobank Банкынын төрайымы.