19 Ноябрь 2025 15:11

21-ноябрдагы пландалган техникалык иштер

Урматтуу кардарлар!

21-ноябрда саат 02:00дөн 04:00гө чейин банк кызматтарынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган пландалган түнкү техникалык иштер жүргүзүлөт.

Бул убакыт аралыгында банктын бардык тышкы сервис­тери, ошондой эле сутка бою иштеген сактык кассалары көрсөтүүчү кызматтар убактылуу жеткиликтүү болбойт.

Иштер аяктагандан кийин сервистер кадимки режимде иштөөсүн улантат.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүүңүздөргө ыраазычылык билдиребиз.