27 Июль 2023 16:07

Doscredobank’тын уникалдуу Flask Coffee ко-брендингдик бөлүмүнүн жана күнү-түнү иштөөчү “Алма” сактык кассасынын ачылышы

Doscredobank уникалдуу ко-брендингдик өзгөчө демилгесин ишке ашыргандыгын, тактап айтканда ГУМ “Чынар” имаратындагы Банктын насыя боюнча бөлүмүнүн ичинде ачылган Flask Coffee кофейнясы жана күнү-түнү иштөөчү “Алма” сактык кассасынын жаңыланып кайра ачылгандыгын жарыялайт.

Эми биздин сыйлуу кардарларыбыз Flask Coffee кофейнясындагы жайлуу орундарда отуруп, каржы кызматтарынын толук тизмесинен пайдалана алышат. Бул бириктирилген уникалдуу бөлүм кардарлардын жаңы даярдалган кофеден ичип отуруп өздөрүнүн каржы боюнча маселелерин чечүүсү үчүн түзүлгөн ыңгайлуу жана жайлуу аянтча болуп эсептелет.

Кофе ичүүчү жайдын ачылышына карата, кардарларыбыз үчүн кофе суусундуктарынын бардык түрлөрүнө -15% арзандатууну сунуштайбыз. Арзандатууга ээ болуу үчүн электрондук кезекке (Борбордук филиал)  тургандыгыңызды тастыктаган талонду көрсөтөсүз да, даамдуу кофеден арзандатуу менен даам сыза аласыз.

«Кардарлар үчүн жайлуу кеңселер шартын түзүү – банк тарабынан ишке ашырылып баштаган өзгөртүп кайрадан түзүү иштеринин бир бөлүгү болуп саналат. Банктын кызмат көрсөтүү бөлүмүн кофейня менен заманбап бириктирүү – пайдалуу ишти жагымдуу нерсе менен айкалыштырган жаңы концепция болуп саналат. Бул кардарлардын каржы операцияларын жайлуу атмосферада жүргүзүүсүнө шарт түзөт. Биз банк секторлорунун тейлөө стандарттарына жаңычылдык киргизүүгө умтулабыз”,- деп белгиледи Doscredobank’тын Башкармалыгынын Мүчөсү  Азиз Сайпидинов.

Ко-брендингдик бөлүмдүн маңдайына алдыңкы технологиялар менен жабдылган, заманбап дизайнда жасалгаланган “Алма” сактык кассасы  жайгаштырылды. Ал эми электрондук кезекке туруу шарты бар, кенен жана заманбап күтүү залы уюшулган операциондук бөлүм жогорку стандарттарга ылайык, күнү-түнү дебей, дем алышсыз жана үзгүлтүксүз режимде кардарларды ыкчам тейлейт.

Кардарлар банк кызматтарынын бардык түрлөрүнөн жана продукттарынан толук кандуу колдоно алышат. Дасыккан адистер, жогорку деңгээлдеги сервис жана ыкчам тейлөө сиздин банктагы каржылык иштериңиздин жайлуу жана коопсуз ишке ашырылуусун шарттайт.

Иш убактылары:

Doscredobank’тын ко-брендингдик – Flask Coffee бөлүмү: 10:00 - 22:00

Күнү-түнү иштөөчү “Алма” СКы: 24/7

Дареги: ГУМ "Чынар", кирүү Шопоков көчөсү тарабынан

Бардыгыңыздарды жаңы бөлүмдөрдөн күтөбүз!

*15% арзандатуу 15.08.23-ж. чейин аракетте болмокчу (андан кийин стандарттык -10% арзандатуу аракетте болот).

**Маалымат үчүн: Doscredobank Бишкек жана Ош шаарларындагы күнү-түнү иштөөчү сактык кассаларынын ишин кайра жаңылады. Бул кардарлардын ыңгайын камсыздап, банк кызматтарынын иш графигине же эс алуу күндөрүнө карабастан, каалаган убакта көрсөтүлүүсүн шарттайт.

Күнү-түнү иштөөчү бөлүмдөрдүн даректери:

  • “Алма” сактык кассасы – Бишкек ш., Чүй кең көчөсү, 92 (ГУМ “Чынар”, кирүү Шопоков көчөсү тарабынан)
  • “Весна” сактык кассасы – Бишкек ш., Калык Акиев көч., 66 (“Весна” АСБ)
  • “Ош 24/7”сактык кассасы – Ош ш., Курманжан Датка көч., 211з (Араванская унаа токтоочу жайынын аймагы)
  • “Глобус” сактык кассасы – Ош ш., А.Шакиров көч., 275/179, А блогу (Глобус СБнун аймагы)