08 Сентябрь 2025 11:09

Doscredobank тренинг борборунун ачылышы жана стажерлор үчүн DCB Bilim Hub программасынын ишке киргизилиши

Doscredobank тренинг борборунун ачылышы жана стажерлор үчүн DCB Bilim Hub программасынын ишке киргизилиши. 

2025-жылдын 8-сентябрында Doscredobank тренинг борборунда DCB Bilim Hub такшалма программасынын биринчи агымы башталды.

DOSCREDOBANK студенттерди, бүтүрүүчүлөрдү жана жаш адистерди банктык иш чөйрөсүндө кесипкөй көндүмдөрдү өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо үчүн түзүлгөн, адистештирилген окутуу борборунун жана коворкингдин базасындагы DCB Bilim Hub такшалма программасына катышууга чакырат.

DCB Bilim Hub катышуучуларга теориялык билим алуу гана эмес, реалдуу жумушка окшош шарттарда аларды тажрыйбада колдонуу мүмкүнчүлүгүн берип, окутуу форматын иштиктүү чөйрөнүн элементтери менен айкалыштырат. Мейкиндик тажрыйба алмашууга жана кесипкөй коомдоштуктарды түзүүгө түрткү берип, банктын кардарлары жана өнөктөштөрү менен өз ара аракеттенүү платформасы катары иштейт.

Такшалма программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
    •    4 жума окуу: 2 жума теориялык билим жана 2 жума практикалык даярдык;
    •    акы төлөнүүчү такшалмага катышуу;
    •    ийгиликтүү аттестациянын жыйынтыктары боюнча андан ары ишке орношуу мүмкүнчүлүгү;
    •    насаатчылардын жана адистердин катышуусу менен офлайн-форматында окутуу.

Катышууга чакырылат:
    •    экономика, менеджмент жана чектеш багыттар жаатында билими бар бүтүрүү курстарынын студенттери жана жаш адистер;
    •    Microsoft Word жана Excel программаларын жакшы билген талапкерлер;
    •    жигердүү, жоопкерчиликтүү жана кесиптик компетенциясын өнүктүрүүнү көздөгөн катышуучулар;
    •    иштиктүү кийим стилин сактаган адамдар (анын ичинде корпоративдик дресс-кодду милдеттүү түрдө сактоо).

DCB Bilim Hub — бул кадрдык потенциалга инвестиция, жаңы кесипкөйлөрдү калыптандыруу үчүн платформа жана банк тармагына кирүү үчүн ачык жол.