23 Август 2022 14:08

Кыргызстанда эң алгачкы электрокубаттоочу станция ачылды!

"Дос-Кредобанк" ААКнын "DCB Green" долбоорунун алкагында каржыланган республикадагы эң алгачкы электрокубаттоочу станциянын ачылыш аземи болуп өттү.

"Биздин өлкөдө акырындык менен транспорттун эң экологиялык жана коопсуз түрү - электромобилге өтүүнү шарттаган инфраструктураны түзүүчүлөрдүн катарында экенибизге жана өлкөбүздүн экологиясын сактап калууга салым кошуп жатканыбыз үчүн кубанычтабыз",- деп билдирди Банк Башкармалыгынын Төрайымы Чолпон Эшбердиева.

Электрокубаттоочу жай Боом капчыгайындагы Ак-Жол кафесинин жанында орнотулуп, 24/7 режиминде иш алып барат. Белгилей кетели, айдоочулар станциянын кызматынан акысыз пайдалана алышат.

Жылдын аягына чейин Doscredobank өлкөбүздүн экологиялык келечегин камсыздоо үчүн Кыргызстанда дагы ушундай Электрокубаттоочу жайлардын бир нечесин ачууну пландоодо.

Doscredobank биздин жашообузга экологиялык таза продукттарды киргизүүчү, айлана чөйрөнү терс таасирлерден коргоочу "DCB Green" программасын ишке ашыруунун үстүнөн активдүү иш алып барууда.
Ошондой эле, "DCB Green" долбоорунун алкагында бөлүп төлөө шарты менен электромобилдерди алууга, экологиялык материалдардан үйлөрдү курууга, имараттарга газ киргизүү кызматын алууга, туристтик объектилерге энерго-натыйжалуу жабдыктарды орнотууга жана айыл чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн каражаттарды колдонууга мүмкүн.