29 Июнь 2024 15:06

Абайлаңыз, телефон шылуундары!

Көңүл буруңуз! Телефон шылуундарынан коргоо

Урматтуу кардарлар,

Ушул жылдын апрелинен тартып телефон жана UpAgeApp тиркемеси аркылуу алдамчылык аракеттерине карата даттануулар көбөйгөнү байкалууда. Шылуундар жарандарга чалып, өздөрүн коммерциялык банктардын, Улуттук банктын же укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырып, ар кандай банктык операциялар жөнүндө билдиришет, купуя маалыматты талап кылышат жана акча каражаттарын башка эсепке которууну же «коопсуз эсепке» которуу үчүн кредитти тариздөөнү талап кылышат.

Шылуундар кандай аракеттенишет?

Алдоо сценарийи: Алгач сизге коммерциялык банктын кызматкеримин деп чалышат жана жеке маалыматтардын тарап кеткендиги же сиздин атыңыздан онлайн-кредиттер таризделгени тууралуу билдиришет. Анын артынан жалган Улуттук банктын (же башка мамлекеттик органдын) кызматкери кошулат, ал акчаны сактап калуу шылтоосу менен аларды коопсуз, корголгон эсепке которууну сунуштайт.

Жасалма номерлер жана документтер: Ишенимдүүлүк үчүн шылуундар фейк телефон номерлерин колдонуп, Улуттук банктын жетекчилигинин колу коюлган жана тиешелүү логотиби бар жасалма күбөлүктөрдү же башка документтерди жөнөтүшөт.

Операцияларды аткаруу: Онлайн-кредиттерди которуу же тариздөө боюнча бардык операцияларды сиз шылуундардын нускамаларын аткарып, өз алдыңызча аткарасыз.

Кантип өзүңдү коргоо керек?

Сүйлөшүүнү токтотуу: Эгерде Сизге банктын, Улуттук банктын же башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери чалып, сиздин жеке маалыматтарыңыз жайылып кеткендиги же онлайн-кредит уруксатсыз таризделгени тууралуу кабарлашса, сүйлөшүүнү токтотуңуз.

Маалыматтарды бербеңиз: Сүйлөшкөндө экранды көрсөтүп күйгүзбөңүз, жеке (купуя) маалыматтарыңызды (ИСН, коддор, пин-коддор ж.б.) бербеңиз, сиз тууралуу эч кандай маалыматты тастыктабаңыз.

Видеочалууга жооп бербеңиз: Мессенджерлерде белгисиз номерлерден видеочалууга таптакыр жооп бербеңиз, ошондой эле бейтааныш адамдардан келген текшерилбеген интернет-шилтемелер аркылуу өтпөңүз.

Маалыматты текшерүү: Эгерде телефон чалуу сизде шектенүүнү жаратса, сайтта, мобилдик тиркемеде көрсөтүлгөн тигил же бул банктын расмий номерине чалыңыз же банктын жакынкы кеңсесине келиңиз.

Эсиңизде болсун: Банктар жана Улуттук банк онлайн-кредиттерди уруксатсыз тариздөө же жеке маалыматтардын тарап кетиши маселелери боюнча чалышпайт жана мессенджерлер аркылуу кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди жөнөтүшпөйт.

Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болсоңуз эмне кылуу керек?

Банкка билдириңиз: Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болгонуңузду түшүнсөңүз, дароо банкка бул тууралуу билдириңиз, картаны же эсепти блокко салууну өтүнүңүз.

Укук коргоо органдарына кайрылыңыз: Укук коргоо органдарына токтоосуз арыз бериңиз.

Эсиңизде болсун: шылуундардын схемалары айырмаланышы мүмкүн, бирок башкы максаты – сизди ишендирип, өз эсебиңизден акча которушуңуз үчүн сизди адаштыруу. Сиз каражаттарыңызды которгондо шылуундар максатына жетет.

Актуалдуу маалыматты жана эскертүүлөрдү алуу үчүн сиздин банктын расмий интернет-сайтын жана башка байланыш каналдарын карап туруңуз.

Урматтоо менен, Doscredobank