18 Июль 2023 11:07

Шылуундардан сак болуңуз!

Урматтуу кардарлар, социалдык тармактарда DCB PROFIT деп аталган фэйк баракчаларды ачып, шилтеме аркылуу өтүү менен тез арада акча табууну сунуштаган шылуундук аракеттер күч алууда:

❌Doscredobank’тын DCB PROFIT’ге эч кандай тиешеси жок. Банк тарабынан акча таратуулар болбогонун жана утуш оюндары да өткөрүлбөгөндүгүн маалымдайбыз! 

✅ Банк тарабынан өткөрүлгөн Акциялар тууралуу бардык маалыматтар банктын www.dcb.kg  расмий сайтына жана социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырылат. 
‼️ Банк картанын маалыматтарын үчүнчү жактарга бербөөнү жана шилтемелерди ачуудан мурда жакшылап көңүл бурууну эскертет (шилтеме сайттын демейки дарегинен бир эле белги менен айырмаланса да ал фишинг болуп эсептелинет). 

‼️ Эгерде сиз шылуундар кандайдыр бир жолдор менен маалыматтарыңызга ээ болгонунан шек санасаңыз 8686 чалуу-борборуна байланышып, картаңызды бөгөттөтүңүз.