Бүгүн 14:11

«Дос-Кредобанк» ААК жашыл долбоорлор жана аялдар ишкердиги үчүн жеңилдетилген каржылоону ишке киргизет

«Дос-Кредобанк» ААК Кыргызстанда жашыл экономиканы колдоого жана аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө багытталган, жаңы жеңилдетилген каржылоо программасы ишке киргизилгендигин жарыялайт.

Жаңы программа учурдагы бизнесин кеңейтүүгө, экологиялык технологияларды киргизүүгө жана өз ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга умтулган ишкерлер үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Негизги каржылоо шарттары:

Сумма: 12 млн сомго чейин;
Мөөнөт: 60 айга чейин;
Пайыздык чен: жылдык 8% баштап.
Программа негизги эки багытты камтыйт:

Жашыл каржылоо – кайра жаралуучу энергетика, энергиялык майнаптуулук, экологиялык курулуш, туруктуу айыл чарба, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык таза транспорт жаатындагы долбоорлорду колдоо.

Аялдар ишкердиги — аялдар ээлик кылган же башкарган, учурдагы бизнести өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү каржылоо. Программа Банктын белгиленген талаптарына ылайык келген жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга жеткиликтүү.

Программа 2026-жылдын 15-октябрында «Дос-Кредобанк» ААК менен «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ортосунда кол коюлган, кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашырылат. Өнөктөштүк ишкерлердин жеңилдетилген финансы ресурстарына жетүү мүмкүндүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Программаны ишке киргизүү «Дос-Кредобанк» ААКТын ESG-стратегиясын ишке ашырууда жана экологиялык жоопкерчилик жана жашыл каржылоо жаатындагы Банктын демилгелерин бириктирген, DCB Green-багытты өнүктүрүүдө маанилүү этап болуп калды.