06 Июль 2022 14:07

"Дос-Кредобанк" ААКу 2022-жылдын 6-июлунан тартып, "Айыл Банк" ААКу Элкарт Улуттук төлөм системасынын Достук түйүнүнүн курамынан чыга тургандыгын маалымдайт.

Урматтуу кардарлар!

 

"Дос-Кредобанк" ААКу 2022-жылдын 6-июлунан тартып, "Айыл Банк" ААКу Элкарт Улуттук төлөм системасынын Достук түйүнүнүн курамынан чыга тургандыгын маалымдайт. Буга байланыштуу, "Айыл Банк" ААКнун түзмөктөрдө (банкоматтар, POS-терминалдар) жүргүзүлгөн операциялары башка банктардын операцияларындай шарттар менен тарификацияланат ("Дос-Кредобанк" ААКнун тарифтерине ылайык). 

 

 Достук түйүнүнө кирген Кыргыз Республикасынын Коммерциялык банктарынын тизмеси менен "Дос-Кредобанк" ААКнун сайтынан, "Банкоматтар жана терминалдар" бөлүмүнөн тааныша аласыздар.