01 Декабрь 2025 12:12

«Дос-Кредобанк» ААК Чүй токой-аңчылык чарбасы менен биргеликте токой фондун калыбына келтирүү боюнча масштабдуу экологиялык акцияны өткөрүштү

Ак-Бешим токой чарбасынын аймагында 4500 түп өрүктүн жана грек жаңгагынын көчөтү отургузулду.

Бул демилге – жаратылышты сактоого, жашыл аймактарды көбөйтүүгө жана аймакта экологиялык абалды жакшыртууга биздин кошкон салымыбыз.
Мындай долбоорлор жерибизди гана көрккө бөлөбөстөн, келечек муун үчүн негизди түзөт деп ишенебиз.

Чүй токой-аңчылык чарбасына кызматташканы жана колдоо көрсөткөнү үчүн, ошондой эле акцияга катышкан банктын бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз.
Биргеликте өзгөрүүлөрдү жаратууну улантабыз!