Жаңы VIP-борбор өзүнө ыңгайлуу мейкиндикти, жеке мамилени жана финансы кызматтарынын кеңири спектрин бириктирет. Ыкчам, купуя жана максималдуу жайлуулукта тейлөө маанилүү болгон жеке кардарларга да, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнө – жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга да ыңгайлуу боло турган шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
VIP-борбордо жеткиликтүү:
* акча которуулар;
* банктык карталарды тариздөө жана тейлөө;
* кредиттерди алуу жана төлөө;
* депозиттерди ачуу жана толуктоо;
* валюта алмашуу боюнча операциялар;
* эсептерди ачуу жана комплекстүү финансылык коштоо үчүн зарыл болгон башка кызматтар.
VIP-кардарлар үчүн тарифтер жеке тартипте – жеке сиз үчүн, бизнесиңиздин өзгөчөлүгүн, сиздин финансылык милдеттериңизди жана каалооңузду эске алуу менен түзүлөт.
Шарттардын ар бир элементи сиздин статусуңузду чагылдыруу жана сиз күткөн деңгээлге ылайык келүү үчүн тандалат.
Сиз артыкчылыктуу тейлөөнү пайдаланасыз, мында сиздин милдеттериңизге көңүл буруу – кынтыксыз, ал эми чечимдер тез, купуя жана болушунча жайлуу кабыл алынат.
Сиздин маселеңиз күттүрбөйт – аларга биринчи кезекте көңүл бурулат.
VIP-борбор тейлөөнүн жогорку стандарттарын эске алуу менен иштелип чыккан. Кенен консультациялык зоналар жана заманбап инфраструктура зарыгып күттүрбөй, ар кандай финансылык маселени – мейли жеке операциялар же бизнести жүргүзүүгө байланыштуу милдеттер болсун, аларды ыңгайлуу чечүү үчүн шарттарды түзөт.
Кардарларыбызга тейлөөнүн жаңы деңгээлин сунуштоого кубанычтабыз жана VIP-борборду ачуу Банктын жекелештирилген сервистерин өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот деп ишенебиз.
Эң жогорку жайлуулук жана жеке көңүл буруу мейкиндигине кош келиңиз.