05 Март 2026 10:03

“Дос-Кредобанк” ААК жылдык акционерлердин жалпы чогулушун өткөрөт

Дос-Кредобанк” ААК жылдык Акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлө турганын кабарлайт, ал 2026-жылдын 30-мартында саат 14.00дө төмөнкү даректе өтөт: Бишкек ш., Чүй пр., 92, 6-кабат.

Күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилген:

1. Эсеп комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.

2. Директорлор кеңешинин 2025-жылдагы аткарылган иштер боюнча отчетун кароо жөнүндө.

3. 2025-жылга Банктын бизнес-планынын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү жөнүндө.

4. 2026-2028-жылдарга Стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө.

5. 2025-жылга Банктын финансылык отчеттуулугун бекитүү жөнүндө (КРУБ жана ФОЭС талаптарына ылайык).

6. 2025-жылга Банктын ишин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча тышкы аудитордун корутундусу жөнүндө.

7. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча пайданы жана өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн пайданы (бөлчөктүк калдык) бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө.

8. “Дос-Кредобанк” ААКнын жүгүртүлүүчү акцияларынын санын көбөйтүү, кошумча чыгарылган акцияларды жайгаштыруу тартибин жана мөөнөттөрүн бекитүү.

9. “Дос-Кредобанк” ААКнын Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү.

10. “Дос-Кредобанк” ААКнын Директорлор кеңеши жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө.

11. “Дос-Кредобанк” ААКнын Корпоративдик башкаруу кодексин бекитүү жөнүндө.

12. 2026-жылга Банктын финансылык отчеттуулугунун тышкы аудиторун шайлоо жана анын сый акысынын өлчөмүн аныктоо жөнүндө.

Чогулушка катышууга укугу бар акционерлердин тизмесин түзүү датасы – 2026-жылдын 6-марты.

Акционерлердин чогулушуна катышуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда акционерлер добуш берүү укугун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген, ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө бере алышат.

Акционерлердин жанында паспорту, алардын өкүлдөрүнүн жанында – паспорту жана ишеним кат болушу керек.

Акционерлерди жана алардын өкүлдөрүн каттоонун башталышы – 2026-ж. 30-мартында саат 13.00, аякташы – 2026-ж. 30-мартында саат 14.00.

Чогулуштун материалдары менен “Дос-Кредобанк” ААКнын Корпоративдик катчысында жумуш күндөрү төмөнкү дарек боюнча таанышууга болот: Бишкек ш., Чүй пр., 92, 6-кабат (ГУМ Чынар). Сурап-билүү үчүн телефон: 0703 700-262.