27 Январь 2025 10:01

«Дос-Кредобанк» ААК ЭЛКАРТ карталарын толуктоо продукту боюнча жылдын банкы деп таанылды!

«Дос-Кредобанк» ААК “2024-жылы ЭЛКАРТ карталарын толуктоо продукту боюнча жылдын банкы” номинациясында ЭЛКАРТ төлөм системасынын жогорку сыйлыгын алганын сыймыктануу менен жарыялайбыз.
Бул сыйлык биз үчүн жасаган ишибизди жагымдуу таануу гана эмес, биздин аракетибиз кардарлардын тажрыйбасын жакшыртууга жана ыңгайлуу финансы сервистерин өнүктүрүүгө багытталганын тастыктоо болуп калды.

Бир жыл ичинде биз ЭЛКАРТ карталарын толуктоо сервисин өнүктүрүүнүн үстүнөн талбай иштедик. Биздин жетишкендиктерибиздин катарында төмөнкүлөр бар:

  • Кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу: толуктоо пункттарынын тармагын кеңейтүү, мобилдик тиркеме жана интернет-банкинг сыяктуу жаңы каналдарды киргизүү.
  • Ылдамдык жана ыңгайлуулук: кардарлар көп күтпөй, картаны толуктай алышы үчүн операцияларды иштеп чыгуу убактысын азайтуу.
  • Операциялардын ачык-айкындуулугу: комиссияларды минималдаштыруу жана колдонуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү.

Бул чаралар тейлөө сапатын гана жакшыртпастан, калк арасында ЭЛКАРТ карталарын жайылтууга көмөктөштү.

Бул сыйлык – ар бириңиздердин, биздин кардарларыбыздын эмгеги. Биздин продукттарды жана кызматтарды тандоо менен, күн сайын бизге ишеним артып жатканыңыздарга ыраазычылык билдиребиз.

Дос-Кредобанкты тандаганыңыз үчүн рахмат! Биз биргеликте финансы дүйнөсүн жеткиликтүү кылабыз.

Урматтоо менен, «Дос-Кредобанк» ААК командасы