2026-жылдын 17-октябрында Кант шаарында Кыргызстандагы Америка соода палатасы (AmCham) тарабынан уюштурулган, AmCham Mini-Football Tournament 2026 мини-футбол боюнча турнири өттү. Спорттук иш-чарага «Дос-Кредобанк» ААКтын командасы катышты.
Турнир Кыргызстандагы Америка соода палатасынын мүчөлөрү болгон компаниялардын жана уюмдардын өкүлөрүндөн турган, 16 команданы бириктирди. Иш-чара спорттук таймаш үчүн гана эмес, ишкердик байланышты бекемдөө, командалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана бизнес-коомдоштуктардын өкүлдөрү менен бейформал баарлашуу үчүн аянтча болду.
Катышуучулар спорттук кызыгууну, командалык рухту жана жеңишке умтулууну көрсөтүштү. «Дос-Кредобанк» ААКТын командасы үчүн турнир биримдикти көрсөтүү, кесиптештерди колдоо жана жакшы атаандаштык атмосферасында убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгү болду.
Мындай демилгелерге катышуу Банктын ESG-мамилесине, атап айтканда кызматкерлердин жыргалчылыгын колдоого, сергек жашоо образын жайылтууга, корпоративдик маданиятты өнүктүрүүгө жана социалдык байланыштарды бекемдөөгө багытталган анын социалдык бөлүгүнө (Social) шайкеш келет.
«Дос-Кредобанк» ААК туруктуу өнүгүү адамдардан башталаарын белгилейт. Спорттук демилгелерди, командалык өз ара аракеттенүүнү колдоо жана кызматкерлердин жыргалчылыгына кам көрүү күчтүү корпоративдик маданиятты калыптандырууга жана Банкты туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
Банк Кыргызстандагы Америка соода палатасына турнирди уюштурганы үчүн, ошондой эле бардык катышуучуларга спорттук рух жана достук атмосфера үчүн ыраазычылык билдирет.
Күчтүү команда — туруктуу келечек!