18 Октябрь 2026 09:10

«Дос-Кредобанк» ААК Bishkek Snow Leopard Run 2026 иш-чарасына катышты

2026-жылдын 18-октябрында «Дос-Кредобанк» ААКтын командасы Nomad Sport тарабынан уюштурулган Bishkek Snow Leopard Run 2026 спорттук иш-чарасына катышты. Жарыш спорт ышкыбоздорун, кесипкөй жөө күлүктөрдү жана ар кандай уюмдардын өкүлдөрүн бириктирди.

Банктын кызматкерлери үчүн жарышка катышуу командалык рухту, максатка умтулгандыкты көрсөтүү жана жумуш мейкиндигинен тышкары бири бирин колдоо жаатында жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Катышуучулар аралыкты ийгиликтүү чуркап өтүп, зор күч-кубатты, жаркын эмоцияларды жана унутулгус таасирлерди алышты.

Мындай демилгелерге катышуу кызматкерлердин жыргалчылыгын колдоого, сергек жашоо образын жайылтууга жана корпоративдик маданиятты бекемдөөгө багытталган Банктын ESG-мамилесине шайкеш келет.

«Дос-Кредобанк» ААК командалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана жакшы корпоративдик чөйрөнү түзүүгө шарт түзгөн спорттук демилгелерге колдоо көрсөтүүнү улантат.

Банк иш-чараны өткөргөнү үчүн уюштуруучу Nomad Sport уюмуна, ошондой эле спорттук рух жана достук маанай үчүн бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирет.

«Дос-Кредобанк» ААК — биргеликте жаңы бийиктиктерге!