26 Февраль 2026 16:02

«Дос-Кредобанк» ААК Аялдар конгрессинде 2026 Кыргызстандын ишкер айымдарын колдойт

2026-жылдын 26-февралында «Дос-Кредобанк» ААК бүтүндөй өлкө боюнча 200дөн ашык ишкер айымды топтогон, Кыргызстандын Аялдар конгрессине катышты. Иш-чара аялдар ишкердигин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бизнестин өкүлдөрүн, өнөктөштөрдү жана эксперттерди бириктирип, иштиктүү аянтча форматында өттү.

«Дос-Кредобанк» ААК бүтүндөй өлкө боюнча ишкерлерге ырааттуу колдоо көрсөтүү менен, Кыргызстандын финансы рыногунда 29 жылдан бери иш жүргүзүп келет.

Санарип чечимдер активдүү өнүгүп жатат: Simbank мобилдик сервиси кардарларга финансыны аралыктан башкаруу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Ишкердик субъекттери үчүн атайын тейлөө шарттары, анын ичинде «Бизнес-овердрафт» продуктусу, ошондой эле эсептерди акысыз ачуу жана тейлөө, POS-терминалдарды берүү жана QR-төлөмдөрдү кошуу каралган.

Аялдар конгрессине катышуу Банктын чакан жана орто бизнести колдоо, өлкөнүн ишкерлер коомдоштугу менен өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө боюнча системалуу ишинин бир бөлүгү болуп калды.