10 Апрель 2026 10:04

«Дос-Кредобанк» ААК «Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад 2026» форумуна колдоо көрсөттү

«Дос-Кредобанк» ААК жаштарды, ишкердикти жана коомдук демилгелерди өнүктүрүүгө багытталган «Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад 2026» форумунун өнөктөшү болду.

Форум жигердүү жаштарды, бизнестин өкүлдөрүн жана коомдук секторду бириктирген, масштабдуу диалог жүргүзүү аянтчасы болуп калды. Иш-чаранын алкагында катышуучулар өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашты, идеяларды алмашып, Кыргызстандын туруктуу келечегине багытталган демилгелерди көтөрүштү.

Форумдун жүрүшүндө өзгөчө көңүл бурулган маселелер:

  • лидерлердин жаңы муунун калыптандыруу;
  • ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү;
  • жарандык активдүүлүктүн деңгээлин жогорулатуу;
  • улуттук баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу.

Мындай демилгелерди колдоо өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө жана жаштардын дараметин ачууга багытталган «Дос-Кредобанк» ААКтын стратегиясынын маанилүү бир бөлүгү болуп саналат.

«Дос-Кредобанк» ААК коомду өнүктүрүүгө жана келечек муун үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көмөктөшкөн долбоорлордун ишенимдүү өнөктөшү болууну улантат.