2026-жылдын 20-ноябрында «Дос-Кредобанк» ААК Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу гала-кечеде AmCham Awards 2026 сыйлыгынын алкагында «Жылдын ири жетишкендиги» номинациясы боюнча сыйлыкка ээ болду.
Сыйлык тапшыруу аземинде өз ишмердүүлүгүндө олуттуу жетишкендиктерге жетишкен жана Кыргызстандын бизнес коомчулугунун өнүгүшүнө салым кошкон компаниялар белгиленди.
Бул сыйлык «Дос-Кредобанк» ААКнын динамикалуу өнүгүүсүнүн, санариптик трансформациялоо стратегиясын ырааттуу ишке ашыруусунун жана инновациялык финансылык чечимдерди киргизүүсүнүн жогорку деңгээлде таанылышы болуп саналат.
Банктын өнүгүүсүнүн негизги багыттарынын катарына төмөнкүлөр кирет:
• Simbank мобилдик сервисин өнүктүрүү жана санариптик банкингдин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
• заманбап финансылык продуктыларды жана технологиялык чечимдерди киргизүү;
• банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу;
• чакан жана орто бизнести, анын ичинде аялдар ишкердигин колдоо;
• ESG принциптерин илгерилетүү жана Кыргызстанда туруктуу каржылоону өнүктүрүү.
«Жылдын ири жетишкендиги» сыйлыгы — масштабдуу иштердин, Банк командасынын кесипкөйлүгүнүн, кардарлардын ишениминин жана өнөктөштөрдүн колдоосунун натыйжасы.
«Дос-Кредобанк» ААК Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасына Банктын ишмердүүлүгүнө жогорку баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирет жана уюмду 20 жылдык мааракеси менен куттуктап, мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү, демилгелеринин ийгиликтүү ишке ашырылышын жана ишкердик кызматташтыктын бекемделишин каалайт.
«Дос-Кредобанк» ААК Кыргыз Республикасынын финансылык секторунун жана экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуу менен инновациялык багыттарды өнүктүрүүнү, стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууну жана кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантат.