«Дос-Кредобанк» ААК өз кардарлары үчүн заманбап санарип технологияларды өнүктүрүүнү жана инновациялык төлөм чечимдерин киргизүүнү улантат. Банк Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп Simbank мобилдик сервисинде Apple Pay системасын колдоону ишке ашырып, кардарлар үчүн күнүмдүк төлөмдөрдү жүргүзүүдө ыңгайлуулуктун, коопсуздуктун жана ылдамдыктын жаңы деңгээлин ачты.
Эми Visa Simbank карталарынын ээлери iPhone, Apple Watch, iPad жана Mac жардамында Apple Pay кабыл алынган бардык жерде сатып алууга төлөй алышат. Төлөө үчүн түзмөктү терминалга жакындатуу жана Face ID, Touch ID же паролдун жардамында операцияны ырастоо жетиштүү.
Apple Pay ишке киргизүү «Дос-Кредобанк» ААКты санарип трансформациялоонун кезектеги этабы жана Банктын алдыңкы дүйнөлүк технологияларды киргизүүгө умтулуусунун дагы бир далили болуп калды. Simbank мобилдик сервисин өнүктүрүү кардарлардын күтүүлөрүнө жана банктык тейлөөнүн дүйнөлүк стандарттарына жооп берген, заманбап санарип экосистеманы түзүү боюнча стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Apple Pay токендештирүү технологиясынын аркасында жогорку деңгээлде коопсуздукту камсыздайт. Банктык картанын номери түзмөктө сакталбайт жана сатуучуга берилбейт – анын ордуна уникалдуу санарип токен колдонулат, ал эми ар бир транзакция Face ID, Touch ID же паролдун жардамында түзмөктүн ээси тарабынан тастыкталат.
«Дос-Кредобанк» ААК Simbank мобилдик сервисин анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жана кардарлар үчүн банктык кызматтарды кыйла ыңгайлуу, коопсуз жана технологиялуу кылуу үчүн заманбап санарип чечимдерди киргизип, мындан ары өнүктүрүүнү улантат.