«Дос-Кредобанк» ААК калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча демилгелерге жигердүү колдоо көрсөтүүнү улантат. Жакында Банктын адистери Ош мамлекеттик университетинин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн студенттери жана кызматкерлери үчүн масштабдуу агартуу-алдын алуу иш-чарасын өткөрдү.
Жолугушуу азыркы учурдун эң актуалдуу темаларынын бирине – кибералдамчылыктан коргоо темасына арналган. Иш-чарага 100дөн ашык адам катышты.
Лекциянын жүрүшүндө «Дос-Кредобанк» ААКнын кызматкерлери:
«Дос-Кредобанк» ААК үчүн жарандардын жана кардарлардын финансылык коопсуздугуна кам көрүү шартсыз артыкчылык болуп саналат. Мындай агартуучу жолугушуулар корголгон санарип чөйрөнү түзүүгө жардам берет жана колдонуучулардын финансы технологиялары менен иштөөсүндө ишенимдүүлүктү жогорулатат деп ишенебиз.
ОшМУнун жетекчилигине жана студенттерине бул темага кызыккандыгы жана активдүү талкууга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Иш-чара жөнүндө кеңири маалымат университеттин сайтында: https://www.oshsu.kg/kg/news/4220