«Дос-Кредобанк» ААК жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту. Меморандум өнөктөштүк мамилелерди түзүүнү жана негизги багыттарды өнүктүрүүнү карайт.
Бул меморандумдун алкагында микробизнеске, чакан жана орто ишкердикке колдоо көрсөтүү, экономиканын артыкчылыктуу секторлорун каржылоо, региондордун инфраструктурасын өнүктүрүү жана туруктуу, инклюзивдүү каржылык чечимдерди илгерилетүү боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу пландалууда.
Кызматташуунун алкагында айлана-чөйрөнү коргоого, энергиянын жаңылануучу булактарын өнүктүрүүгө жана энергия натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдоого – жашыл каржылоого – өзгөчө көңүл бурулат. Бул мамиле туруктуу өнүгүүнүн глобалдык тенденцияларына шайкеш келип, экологиялык жоопкерчилиги бар экономиканы түзүүгө көмөктөшөт.
Меморандумга кол коюу тараптардын ортосунда эффективдүү өз ара аракеттенүүнүн негизин түзүп, Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталган демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө болот.