2026-жылдын 15-октябрында «Дос-Кредобанк» ААК жана «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК ишкердикти жеңилдетилген шарттарда каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүн колдоого багытталган кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюшту.
Документке «Дос-Кредобанк» ААКтын Башкармасынын Төрагасы Талантбек Эсенгулович Омуралиев жана «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын Башкармасынын Төрагасы Эмиль Абдилазисович Такырбашев кол коюшту.
Жетишилген макулдашуулардын алкагында ишкерлерге 60 айга чейинки мөөнөткө жылдык 8%дан баштап 12 млн сомго чейин каржылоо берүү пландаштырылууда.
Каржылоо иштеп жаткан бизнести колдоого, экологиялык жактан туруктуу долбоорлорду ишке ашырууга жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө багытталат.
Кайра жаралуучу энергетика, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу, туруктуу айыл чарба жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы демилгелерге өзгөчө көңүл бурулат.
Келишимге кол коюу «Дос-Кредобанк» ААКтын ESG-стратегиясын ишке ашырууда жана DCB Green — Банктын экологиялык жоопкерчилик жана жашыл каржылоо жаатындагы демилгелерин бириктирген багытты мындан ары өнүктүрүүдө маанилүү этап болду.
Өнөктөштүктү кеңейтүү жана туруктуу каржылоо инструменттерин киргизүү менен «Дос-Кредобанк» ААК ишкерлер үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантып, Кыргыз Республикасында жашыл экономиканын жана социалдык мааниге ээ долбоорлордун өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт.
«Дос-Кредобанк» ААК — Кыргызстандын туруктуу келечегине бирге!
Каржылоонун шарттары жана арыз берүү тартиби тууралуу толук маалымат кошумча берилет.