«Дос-Кредобанк» ААК жана Кыргыз-Россия Славян университетинин өкүлдөрү банк менен университеттин ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү талкуулоо үчүн жолугушту.
«Дос-Кредобанк» ААК тарабынан жолугушууга Башкарма Төрагасынын орун басары Городов Александр Андреевич катышты.
Негизги темалардын бири студенттерди практикалык даярдоо болду. Тараптар акы төлөнүүчү практикаларды жана такшалмаларды, анын ичинде андан ары ишке орношуу перспективасы менен такшалмаларды өнүктүрүүнү талкуулашты. Мындай формат студенттерге окуу учурунда кесипкөй тажрыйба алуу, келечектеги иш берүүчү менен таанышуу жана кесипте алгачкы кадам жасоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Ошондой эле адистерди максаттуу даярдоо, энчилүү стипендия, КРСУнун билим берүү, жаштар жана спорттук долбоорлоруна банктын катышуусу, ошондой эле Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы жана университеттин эндаумент-фонду менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен ишти улантууну жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып баштоону макулдашышты.