14 Ноябрь 2022 13:11

Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө

“Дос-Кредобанк” Ачык акционердик коому 2022-жылдын 8-декабрында, саат 14:00дө, Бишкек шаарынын Чүй проспекти 92, 6-кабат дарегинде акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу өтөрү тууралуу маалымдайт. 

Акционерлерди жана алардын өкүлдөрүн каттоодон өткөрүү 8-декабрь, саат 13:00дө башталып, саат 14:00дө аяктайт. 

Кызыктырган суроолор жана чогулуштун материалдары менен таанышуу боюнча, иш күндөрү Бишкек ш. Чүй проспекти 92 дарегинен “Дос-Кредобанк” ААКтын Корпоративдик катчысына кайрылсаңыздар болот. Сурап билүү телефондору: 98-67-95 (0777 903-700).