15 Январь 2026 08:01

Жаңы жылдык инвестиция бүгүн башталат: «ДОС-КРЕДОБАНК» ААКнын субординацияланган облигацияларын сатуу башталды

«ДОС-КРЕДОБАНК» ААК  субординацияланган облигацияларды ачык жайгаштыруу башталганын жарыялайт. Сатуунун башталышы – 2026-жылдын 15-январынан баштап.

Субординацияланган облигациялар – бул туруктуу пайыздык киреше алууга багытталган, узак мөөнөттүү инвестициялоо куралы.

Негизги чыгаруу шарттары:

* Баалуу кагаздардын түрү: пайыздык субординацияланган облигациялар

* Чыгаруу формасы: документсиз, эсептердеги жазуу формасында

* Облигациялардын саны: 200 000 

* Бир облигациянын номиналдык наркы: 1 000 сом

* Эмиссиянын жалпы көлөмү: 200 000 000 сом

* Жүгүртүү мөөнөтү: 5 жыл 3 ай (63 ай) 

* Кирешелүүлүк: жылдык 18% 

* Пайыздарды төлөө: жайгаштырып баштаган күндөн тартып 3 ай сайын

* Жайгаштыруу ыкмасы: ачык сунуш

* Мамлекеттик каттоо күнү жана номери: 2025-жылдын 24-декабрындагы KG 0202085815

Эмиссиянын проспекти жана облигацияларды сатып алуу шарттары менен биздин каалаган филиалыбыздан таанышууга болот:

* Борбордук филиал: Чүй пр., 92,  «ГУМ-Чынар» СКБ (M-6)

*  «Берекет» филиалы: Токтогул көч., 171/1

* Токмок филиалы: Ленин көч., 342

* Талас филиалы: Сарыгулов көч., 59

* Нарын филиалы: С. Орозбак уулу көч., 44 (Борбордук базар)

* Балыкчы филиалы: Курмашев көч., 41 («Кербен» базары)

* Каракол филиалы: Токтогул көч. («Триада-ДМ» жабык базары)

* Ош филиалы: Алымбек Датка көч., 324а

 * Жалал-Абад филиалы: Түмөнбай Байзаков пр., 28а

 * Кызыл-Кыя филиалы: Асаналиев көч., н/ж

Кошумча маалымат жана консультация:

«Дос-Кредобанк» ААК: Чүй пр., 92, 6-кабат, Бишкек

тел.: 8686 (чалуу акысыз), WhatsApp: +996 225 008 686

 www.dcb.kg 

 

«ДОС-КРЕДОБАНК» ААК менен дароо бүгүн туруктуу келечекке инвестиция салыңыз!

Төмөн жакта сиз субординацияланган облигациялардын эмиссиясынын проспекти жана аларды ачык жайгаштыруу шарттары менен тааныша аласыз.

Проспект_эмиссии_субординированных_облигаций

Условия_публичного_предложения_выпуска_субординированных_облигаций.