11 Апрель 2025 16:04

«Дос-Кредобанк» ААК туруктуу жана экологиялык өнүгүүгө кошкон салымы үчүн «Сапат» мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду

«Дос-Кредобанк» ААК туруктуу жана экологиялык өнүгүүгө кошкон салымы үчүн «Сапат» мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду
Бүгүн «Дос-Кредобанк» ААК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан негизделген «Сапат» мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болду. Бул абройлуу сыйлык Банктын туруктуу өнүгүү, экологиялык жоопкерчиликтүү бизнес жаатындагы жетишкендиктери жана 2023-2024-жылдары инновациялык технологияларды киргизгени үчүн ыйгарылды.
 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – ресурстар, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев «Дос-Кредобанк» ААК Башкармалыктын Төрагасы Омуралиев Талантбек Эсенгуловичке сыйлыгын жеке өзү тапшырды.

«Дос-Кредобанк»  анын алкагында  «жашыл» экономиканы жана ESG-мамилелерди илгерилеткен DCB GREEN стратегиясын ишке ашыруунун аркасында сыйлыкты алууга мүмкүн болду.

  • Көмүртектин изин азайтуу боюнча долбоорлор үчүн #kyrgyzgreenbonds жашыл облигацияларды чыгаруу
  • Туруктуу демилгелерди колдогон кардарлар үчүн жашыл депозиттерди жана эко-кредиттерди киргизүү
  • Боом капчыгайындагы биринчи түйүндү кошо алганда, 24/7 электр кубаттандыргычтарды орнотуу
  • Банктын ачык-айкындыгын жана жоопкерчилигин чагылдырган ESG-отчетту жарыялоо

«Сапат» сыйлыгы — бул эмгекти таануу гана эмес, алга умтулууга чоң түрткү.Биз заманбап банк — бул социалдык жана экологиялык өзгөрүүлөрдүн активдүү катышуучусу экенине ишенебиз.

Чын дилден ыраазычылык билдиребиз:
—«Дос-Кредобанк» кызматкерлерине кесипкөйлүгү жана ишке кызыкдар болгону үчүн — кардарларга ишеним артканы үчүн— өнөктөштөргө туруктуу келечекке карай жолдо колдоо көрсөткөнү үчүн.

«Дос-Кредобанк» ААК— Туруктуулук. Экологиялык тазалык. Инновациялар.

Биз менен бирге болгонуңуз үчүн рахмат.