Бүгүн 15:06

Биз «Которууга бонус» акциясынын жыйынтыктарын чыгардык

Россиядан акча которууларды алуучулардын арасында 2025-жылдын 15-октябрынан 2026-жылдын 30-апрелине чейин өткөрүлгөн «Которууга бонус» акциясынын жыйынтыктарын кубануу менен бөлүшөбүз.

Алты айдан ашык убакыт аралыгында ар бир алынган которуу жакын адамдар менен байланышта болууга гана жардам бербестен, баалуу байгелердин ээси болуу мүмкүнчүлүгүн берди. Акциянын жыйынтыктары боюнча 16 кардарыбыз жеңүүчүлөр деп табылды жана татыктуу сыйлыктарын алышты.

Акциянын башкы байгелери эки автоунаа болду. Ошондой эле жеңүүчүлөргө сыналгылар, чаң соргучтар, мультибышыргычтар, микротолкундуу мештер, аэрогрилдер жана башка пайдалуу белектер тапшырылды.

Салтанаттуу сыйлоо аземи 2026-жылдын 28-майынан 1-июнуна чейин Бишкекте, Ошто, Кызыл-Кыяда жана Манаста өттү. Жеңүүчүлөр менен бирге кубанычын бөлүшүү үчүн алардын туугандары жана жакын адамдары келишти. Биздин командабыз үчүн катышуучулардын жаркыраган эмоцияларын көрүү, «Дос-Кредобанк» ААК аркылуу акча которууларды алууну бизге ишенип тапшырган адамдарга белектерин тапшыруу өзгөчө жагымдуу болду.

 

Korona Pay, UPT, Astrasend, Kwikpay, SENDY жана БЭСТ системалары аркылуу «Дос-Кредобанк» ААК бөлүмдөрүндө же Simbank карталарына акча которууларды алган кардарлар автоматтык түрдө акциянын катышуучулары болушкан.

Жеңүүчүлөр эки категория боюнча аныкталды:

  • алынган которуулардын эң чоң көлөмү боюнча;
  • операциялардын эң көп саны боюнча.

Акциянын жеңүүчүлөрү

Аты-жөнү Байге
1 Карпенко Т. А. автоунаа
2 Юнусова З. Р. автоунаа
3 Эсенов А. Ж. сыналгы
4 Исмаилова У. сыналгы
5 Тойчиев А. Ж. мультибышыргыч
6 Жанибек кызы Н. мультибышыргыч
7 Новикова Е. А. чаң соргуч
8 Буранбаева М. Ф. чаң соргуч
9 Исламова Ч. Р. микротолкундуу меш
10 Ханабатов А. М. микротолкундуу меш
11 Сыдыков А. аэрогриль
12 Тагайбеков Б. Т. аэрогриль
13 Абдашим кызы К. мультибышыргыч
14 Адилбеков А. С. мультибышыргыч
15 Машрапов Ф. Т. чаң соргуч
16 Чолпонбаев Э. Э. чаң соргуч

Акциянын бардык катышуучуларына ишеним артканы жана «Дос-Кредобанк» ААКты тандаганы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кардарларыбыздын жашоосундагы маанилүү учурлардын бир бөлүгү болуу жана көнүмүш банктык кызматтарды пайдалуу жана жагымдуу кылуу биз үчүн өзгөчө баалуу.

«Которууга бонус» акциясы аяктады, бирок бул башталышы гана. Биз кардарларыбыз үчүн жаңы акцияларды, атайын сунуштарды жана жагымдуу сюрприздерди даярдап жатабыз. Катышуу жана жеңүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү өткөрүп жибербеш үчүн биздин расмий сайтыбызда жана социалдык тармактарда жаңылыктарды карап туруңуз.

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана бакубатчылык, ийгилик «Дос-Кредобанк» ААК менен бирге жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!