25 Июль 2023 09:07

Күнү-түнү иштеген Doscredobank сактык кассалары

Doscredobank Бишкек жана Ош шаарларындагы күнү-түнү иштеген сактык кассаларынын ишин жандатканын кубануу менен маалымдайт. Бул аракеттер банктын кардарларына кызматтардан дем алыш күндөрү да, иш тартибине  көз каранды болбой өзүнө ыңгайлуу бардык убакытта пайдалана алуусуна шарт түзөт. 

Түнү-күнү иштеген бөлүмдөрдүн даректери: 

• “Алма” сактык кассасы – Бишкек шаары, Чүй проспектиси 92 (ГУМ “Чынар”, Шопоков тарабынан кирген жагында) 
• “Весна” сактык кассасы – Бишкек шаары, Калык Акиев көчөсү 66 (“Весна” СБ) 
• “Ош 24/7” сактык кассасы – Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү 211з (Араванская токтоочу жайына жакын) 
• “Глобус” сактык кассасы  –Ош шаары, А.Шакиров көчөсү 275/179, А блогу (болжол: Глобус СБ) 

Банктын күнү-түнү иштеген бөлүмдөрүндө төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт: валюта алмаштыруу, эсептик-кассалык тейлөө, төлөм карталарын чыгаруу, депозиттер боюнча операциялар, акча каражаттарын жөнөтүү жана алуу жана башка. 


“Биз кардарларыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп, алар менен мүмкүн болушунча тыгыз байланышта болууга аракет жасайбыз. Күнү-түнү иштеген бөлүмдөр тармактары кардарларыбызга каржылык маселелерин каалаган убакытта чечишине шарт түзөт. Биздин максат – ар бир кардарга кызматтарыбызды ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу”, - дешти Банктын өкүлдөрү. 

Сиздерди биздин бөлүмдөрүбүздө күтөбүз! 
“Doscredobank’тын күнү-түнү иштеген бөлүмдөрү биз үчүн өтө ыңгайлуу. Анткени, көпчүлүк банктар саат 17:30 же 18:00дө жабылып калат эмеспи. Ал эми канчалаган адамдар ушул убакытта жумуштан чыгат. Күнү-түнү иштеген бөлүмдөр ачылгандан тартып жумуш учурунда банкка барып келүүгө суранбай, мурдагыдай банк жабылганча андагы иштеримди бүтүрүүгө үлгүрөмбү деп сарсанаа болбой калдык” – деп белгиледи Банктын кардары Азамат Исмаилов 
 
Банктын байланыш-борбору: 8686