31 Декабрь 2025 15:12

Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу Call-борбордун иш графигинин өзгөрүшү

ОАО «Дос-Кредобанк» кардарларын Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу Call-борбордун иш графиги өзгөрөрү тууралуу маалымдайт.

Майрамдык жана профилактикалык иштерге, ошондой эле Банктын өнөктөштөрүнүн иши убактылуу токтотулгандыгына байланыштуу Call-борбор төмөнкү график боюнча иштейт:

  • 2025-жылдын 31-декабры — Call-борбор 08:00дөн 17:00гө чейин иштейт.
    17:00дөн 00:00гө чейин кайрылуулар чаттар аркылуу гана (WhatsApp, Telegram, Instagram, Facebook) кабыл алынат.
  • 2026-жылдын 1-январы — консультациялар чаттар аркылуу гана жүргүзүлөт. Бул күнү телефон чалуулар кабыл алынбайт.
  • 2026-жылдын 2-январынан тартып Call-борбор кадимки режимде — 08:00дөн 00:00гө чейин ишин улантат

Кайрылууларды пландаштырууда бул маалыматты эске алууңуздарды өтүнөбүз.

Түшүнүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз!