30 Март 2026 15:03

«Баалуу байге» акциясынын жыйынтыктары

Биз SENDY төлөм системасы менен биргеликте «Баалуу байге» акциясынын 1-айынын жыйынтыктарын чыгардык.

Акцияга катышкан кардарларга ыраазычылык билдиребиз. Биринчи айдын жыйынтыгы боюнча Россия Федерациясынан акча которууларды алуучулардын жогорку активдүүлүгү белгиленди.

Акциянын биринчи айынын жеңүүчүлөрү

Ай сайын өткөрүлгөн утуштун жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:

Байге Алуучу Бөлүм
1 Электрондук белек тастыктамасы Шакиров Н. Х. №037-05-02 (24/7) аманат кассасы
2 Электр чайнек Мухаммедов С. А. №037-05-47 аманат кассасы (Араван)
3 Чаң соргуч Сайназаров М. Т. №037-05-47 аманат кассасы (Араван)
4 Фен Ормон кызы М. №037-05-02 (24/7) аманат кассасы
5 Мультибышыргыч Толонбаев Э. Б. №037-05-02 (24/7) аманат кассасы

Алгачкы жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!

Акция уланат!

Кийинки айда төмөнкү байгелер ойнотулат:
айфон, чаң соргучтар, мультибышыргычтар, кофе кайнаткычтар, үтүктөр, фендер, кулакчындар жана башка көптөгөн белектер.

Акцияга кантип катышуу керек?

  • Промокодду билип, Россиядагы жакындарыңызга жөнөтүңүз
  • Алар «Мир привилегий» тиркемеси аркылуу ушул промокод менен 25 000 ₽ жана андан жогору суммада акча которсун
  • Которууну биздин кеңселердин биринен накталай алыңыз

Кошумча маалымат

Толук маалыматты, акциянын эрежелерин жана байланыштарды төмөнкү жерлерден ала аласыз:

  • Банктын бардык бөлүмдөрүндө
  • Телефон: 8686 (акысыз)
  • WhatsApp: +996 225 008 686

Канчалык көп которуу — утуп алуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору!