23 Июнь 2026 11:06

Дропперчилик: олуттуу кесепеттерге алып келе турган жеңил акча табуу

 

Бүгүнкү күндө алдамчылар телефон чалууну, жасалма сайттарды жана мессенджердеги билдирүүлөрдү гана колдонушпайт. Алардын схемаларына мыйзамсыз алынган акча каражаттарын которуу жана жашыруу үчүн курал катары жөнөкөй адамдар дагы көп катышууда.

Мындай адамдар дропперлер деп аталат.

Кээде адам алдамчыларга жардам берип жатканын билбей дагы калат. Ага жөнөкөй акча табууну сунуш кылышат, жеңил иш-аракеттер үчүн сый акы сунушташат же анын банктык картасын убактылуу пайдалана турууну өтүнүшөт. Бирок мындай чечим оңой көрүнгөнү менен, анын кесепеттери кыйла олуттуу болушу мүмкүн.

Дропперлер деген кимдер?

Дроппер — бул үчүнчү жактардын кызыкчылыгында финансылык операцияларды жүргүзүү үчүн өзүнүн банктык картасын, эсебин, электрондук капчыгын же аралыктан банктык тейлөөгө жетүү мүмкүндүгүн берген адам.

Көбүнчө алдамчылар дропперлерди мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын которуу, акчага айландыруу же келип чыгышын жашыруу үчүн колдонушат.

Башкача айтканда, дроппердин банктык эсеби же картасы алдамчылык чынжырчасында орто аралык звено болот.

Алдамчылар өз схемаларына адамдарды кантип тартышат?

Шылуундар социалдык тармактарды, мессенджерлерди, кулактандыруулар сайттарын жана ишке орноштуруу жөнүндө сунуштарды активдүү колдонушат.

Эреже болгондой, схема кызыктыруучу сунуштан башталат:

  • «Иш тажрыйбасы жок оңой акча табуу»;
  • «Жогорку төлөм менен аралыктан иштөө»;
  • «Картага которууларды алыңыз жана пайыздарды табыңыз»;
  • «Төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн адам керек»;
  • «Картаны тариздеп, сый акы алыңыз».

Алдамчылар мындай иш-аракеттер мыйзамдуу экенин жана эч кандай тобокелдиги жоктугун ишендириши мүмкүн. Бирок мындай сунуштардын реалдуу максаты – шектүү финансылык операцияларды жүргүзүү үчүн башка бирөөнүн банктык продукттарын колдонуу.

Бул эмне үчүн кооптуу?

Картасын, эсебин же банктык сервистерге жетүү мүмкүндүгүн башка адамдарга берүү менен адам анын атынан кандай операциялар жүргүзүлүп жатканына көзөмөлдү жоготот.

Эсептин ээси алдамчылыкка түз катышпаса дагы, анын банктык продукттарын мыйзамсыз схемаларда колдонуу олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Мүмкүн болуучу тобокелдиктердин арасында:

  • банктык карталарды жана эсептерди бөгөттөө;
  • банктык кызматтарды пайдаланууну чектөө;
  • финансылык жоготуулар;
  • акча каражаттарынын келип чыгышын текшерүү;
  • абройлук тобокелдиктер;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктук кесепеттер.

Ошондуктан акча каражаттарын которуу менен тез акча табуу сунушу өзгөчө сак болууну талап кылат.

Үчүнчү адамдарга эмнени берүүгө болбойт?

Финансылык коопсуздук максатында эч качан башка адамдарга бербеңиз:

  • банктык карталар;
  • эсептердин реквизиттери;
  • интернет-банкингдин логиндери жана паролдору;
  • операцияларды ырастоочу SMS-коддор;
  • мобилдик банктык тиркемеге кирүү мүмкүндүгү;
  • электрондук капчыктар жана башка төлөм куралдары.

Бардык банктык продукттар ээси тарабынан жеке пайдалануу үчүн гана арналган.

Өзүн кантип коргоо керек?

  • Алдамчылык схеманын катышуучусу болуп калбаш үчүн:
  • Акча каражаттарын которууга байланыштуу жеңил акча табуу сунушуна макул болбоңуз.
  • Бөтөн адамдардын өтүнүчү менен банктык карталарды жана эсептерди ачпаңыз.
  • Өз банктык продукттарыңызга кирүү мүмкүндүгүн үчүнчү жактарга бербеңиз.
  • Бейтааныш адамдардын көрсөтмөсү боюнча финансылык операцияларды аткарбаңыз.
  • Эгерде сунуш өтө пайдалуу туюлса, маалыматты ар дайым текшериңиз.
  • Күмөн санасаңыз, консультация алуу үчүн банкка кайрылыңыз.

Эсиңизде болсун

Эгерде сизге сый акы үчүн картага акча алууну, аларды накталай алууну же башка адамга которууну сунушташса – бул мындай сунуштан баш тартуунун олуттуу себеби.

Каражаттарыңыздын коопсуздугу банктык продукттарыңызга жоопкерчиликтүү мамиледен башталат. Алдамчылардын сиздин эсептериңизди, карталарыңызды же жеке маалыматтарыңызды өз максатында пайдалануусуна жол бербеңиз.

Кардарлардын коопсуздугу

«Дос-Кредобанк» ААК финансылык коопсуздукка өзгөчө көңүл бурат жана кардарларга кеңири таралган алдамчылык схемалары жана акча каражаттарын коргоо ыкмалары тууралуу тынымсыз маалымдап турат.

Коопсуздук боюнча сунуштамалар менен кененирээк сайттын атайын бөлүмүнөн таанышууга болот:

«Дос-Кредобанк» ААК кардарларынын коопсуздугу

Банктык маалыматтарыңызды коргоңуз жана аларды үчүнчү жактарга бербеңиз.