04 Август 2022 09:08

Dosсredobank "Жайлоодогу балдардын өнүгүү мобилдик борбору" долбоорун колдойт

Балалык - ар бир адамдын жашоосундагы жомоктогудай кызыктуу мезгили. Ар бир бөбөктүн балалыгы эсте калчу көптөгөн кызыктуу окуялар менен коштолсо деген тилек, өзгөчө ага муктаж болгон балдарда алардын көксөөсү орундалса дейбиз. Dosсredobank эки жылдан бери Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Кара-Күнгөй айылындагы жайлоодогу балдардын өнүгүү мобилдик борборуна барып турат.

Балдарда кичинекей чагынан баштап билим алууга жана ой-жүгүртүүсүн өстүргөн оюндарга мүмкүнчүлүгү болсо анда алар ар тараптуу тез өсүп, келечекте да ийгиликтүү болот. Буга байланыштуу биз кимде бул жаатта көбүрөөк муктаждык болсо ошолорго көп көңүл бурабыз. Биздин кызматкерлер балдарга көңүл буруп гана тим болбостон ар бир бала менен жекече сүйлөшүп, ойноп, аларга чыгармачылык өнүгүүнүн, китеп окуунун маанилүүлүгүн айтып беришет. Билим балдардын жашоосун өзгөртсө деген ниетте бөбөктөргө мектепке керектүү курал-жарактар, окуу китептер, стол үстүндө ойноочу оюнчуктар тапшырылды.

Банктын кайрымдуулук иш-аракеттери - бул банктын кызматкерлеринин жеке демилгеси болгондуктан алар мындай иш-аракеттерди чоң кызыгуу, колдоо менен ишке ашырышат. Бардык кайрымдуулук иштер Банктын жеке  каражатынын жана кызматкерлердин материалдык жана материалдык эмес жардамдарынын негизинде жүргүзүлөт.

Маалымат үчүн: "Балдардын өнүгүү борбору" долбоору Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган "Жайлоодогу бала бакчалар" долбоорун улап жатат. Долбоор жай айларында жайлоого кеткен малчылардын балдарына мектепке даярданууга, каникул кезде да билим алуусун улантууга жана долбоордун алкагында башка балдар менен сүйлөшүп, таанышып, ойноого мүмкүнчүлүк түзөт. Окутуучулар  балдарга сүйлөө речти, санаганды жана башка керектүү билимдерди үйрөтүү үчүн күнүнө үч сааттан окутушат. "Балдардын өнүгүү борбору" билим алууга тең шартты түзүүгө багытталган. Долбоор алыскы аймактардагы, жетүү кыйынчылыктарды жараткан, бийик тоодогу жайлоолорго басым жасайт. Мобилдик борборлор боз үйлөргө жайгаштырылат. Алыскы жайлоолордо электр энергиясынын, оюн аянтчаларынын, китеп, оюнчук, компьютер жана профессионал окутуучулар менен борборлоштурулган билим берүү шарттарынын жоктугуна байланыштуу ага мектеп жашындагы балдар дагы - 2 жаштан 15 жашка чейинки балдар келип башташты. 2016-жылы "Жайлоодогу бала бакчалар" долбоору кенен жайылган, учурда ал "Балдардын өнүгүү борбору" деген ат менен ишин улантууда.