Visa эл аралык төлөм системасы «Дос-Кредобанк» ААКтын Simbank мобилдик сервисине Кыргызстанда Apple Pay системасын ийгиликтүү ишке киргизгени үчүн ардактуу сыйлык тапшырды. Компания биздин командабыздын заманбап санарип төлөмдөрдү өнүктүрүүгө жана кардарлар үчүн ыңгайлуу финансылык сервистерди киргизүүгө кошкон салымын белгиледи.
Сыйлыкты Visa Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча вице-президенти жана аймактык менеджери Санжар Сулейманов тапшырды.
Apple Pay’ди ишке киргизүү «Дос-Кредобанк» ААКты санарип трансформациялоонун жана Simbank мобилдик сервисин өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп калды. Технологияны киргизүүнүн аркасында биздин кардарларыбыз iPhone, Apple Watch жана башка Apple түзмөктөрүнүн жардамында сатып алууларга тез, коопсуз жана ыңгайлуу төлөө мүмкүнчүлүгүн алышты.
«Apple Pay’ди киргизүүнүн артында команданын зор эмгеги турат жана Visa’дан мындай бийик бааны алуу биз үчүн өзгөчө жагымдуу. Бирок биз үчүн башкы баалуулук – бул кардарларга ар күндүк төлөөнүн дагы бир жөнөкөй, тез жана коопсуз ыкмасын сунуштоо мүмкүнчүлүгү. Бул сыйлык санарип сервистерди өнүктүрүүнү улантууда жана жаңы технологияларды киргизүүдө бизге чоң дем берет», — деп белгилешти Simbank командасы.
Бүгүнкү күндө Visa Simbank карталарынын ээлери Apple Pay жеткиликтүу болгон дүкөндөрдө, мобилдик тиркемелерде жана сайттарда сатып алууга төлөй алышат. Картаны түздөн-түз Simbank тиркемесинде же Apple Wallet аркылуу кошуу керек— кошуу болгону саналуу мүнөт убакытты алат.
Apple Pay’ди ишке киргизүүгө байланыштуу 31-августка чейин сервистин колдонуучулары үчүн атайын акция өтөт - Apple Pay жардамында төлөнгөн сатып алуулар үчүн 3% кешбэк берилет. Сунуш айыптардан жана мамлекеттик кызматтардан тышкары, чыгымдардын бардык категорияларына жайылтылат. Кешбэктин максималдуу суммасы 2 000 сомду түзөт.
Алган сыйлык «Дос-Кредобанк» ААК санарип технологияларды ыраттуу өнүктүрүп, жогорку эл аралык стандарттарга ылайык келген заманбап төлөм чечимдерин киргизип жаткандыгынын олуттуу далили болду. Биз кардарларыбыз үчүн банктык кызматтарды кыйла ыңгайлуу, коопсуз жана жеткиликтүү кылуу үчүн Simbank мобилдик сервисинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүну улантабыз.