19 Май 2023 19:05

Doscredobank «Green Waste Leaders» салтанаттуу иш-чарасына катышты

Иш-чара БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1972-жылы түзүлгөн Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо майрамына карата өттү. 

Doscredobank Wastenet'тин "Таштандыларды башкаруу боюнча мыкты тажрыйба" стандарттарына шайкеш Лидер наамын экинчи жылы да тастыктады. Экология жаатындагы биздин жумуштар бааланганы үчүн ыраазычылык билдиребиз жана таштандыларды азайтуу, аны кайра иштетүү, экологияны жакшыртуу боюнча иштерди улантабыз. 

Банк айлана-чөйрөгө терс таасирлерди азайтууну, ресурстарды пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатууну, DCB Green программасынын алкагында атмосферага жайылуучу зыяндуу чыгындыларды азайтууга мүмкүнчүлүк берген жаңы экологиялык пайдалуу продукттарды ишке ашырууну көздөйт.