08 Июнь 2023 16:06

Doscredobank Green Finance Awards TM алды

Doscredobank Борбор Азиядагы, Кавказдагы, ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү, Батыш Кытайдагы, Монголиядагы жана Чыгыш Европадагы “жашыл” жана туруктуу каржы  тармагын өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерди баалоо жана сыйлоо максатында “Астана” эл аралык каржы борбору тарабынан негизделген эл аралык абройлуу сыйлыктардын бири болгон “Green Finance AwardsTM” сыйлыгынын ээси болду. 

“Outstanding Contribution to the Development of Green Finance” номинациясы боюнча сыйлык туруктүү өнүктүрүүгө жана аймактын жашыл экономикасына жетиштүү деңгээлде салым кошкон уюмдарга ыйгарылат. 

Бул сыйлыкты жеңүү биздин банктын курчап турган чөйрөнүн коопсуздугу боюнча глобалдык максаттарга жетүү үчүн эң мыкты экономикалык жана экологиялык натыйжалуу технологияларды колдонуу менен туруктуу жана гүлдөп-өскөн аймакты түзүүнү көздөөрүн дагы бир жолу тастыктады.