30 Декабрь 2022 14:12

Doscredobank 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Урматтуу кардарлар, өнөктөштөр, достор!  Келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Жыл жыйынтыгын чыгарып жатып өтүп бара жаткан жыл ийгиликтүү болду деп ишенимдүү айтууга болот. Doscredobank 2022-жыл ичинде банк рыногунда дагы бир жолу туруктуу позицияны камсыздоо менен ишмердүүлүгүнө саресеп салды: 

  • Таза кирешенин көлөмү 800 млн.сомду түздү;
  • Кредиттик портфель 143 пайызга өсүп, 4 миллиард сомдон ашык сумманы түзүп, Кыргызстандагы банктар арасында өсүү темпи боюнча 2-орунду камсыздады;
  • Депозиттик портфель 5,4 миллиард сомго жетти;
  • 310 миллион сомдон ашык салык төлөндү (Социалдык фондго төлөмдөрдү кошкондо);
  • Кардарларларга ыңгайлуу болуш үчүн кошумча бөлүмдөр ачылды;
  • Айлана-чөйрөгө терс таасирлерди азайтууга багытталган пайдалуу жаңы продукттар киргизилди;
  • Doscredobank Жашыл Инвестициялар Принциптерине кошулган биринчи банк болду жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусундагы ири Инвестициялык форумду өткөрдү;
  • Электрдик-кубаттоочу акысыз эки станция ачылды;
  • Жыл бою банк корпоративдик-социалдык жоопкерчиликтин алкагындагы долбоорлорго колдоо көрсөттү, анын ичинде ишкерлик тармагындагы аялдар долбоору да бар, ал эми 2023-жылы дебюттук жашыл облигацияларды чыгаруу пландалган;
  • Doscredobank өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да өнөктөштүк тармагын кеңейтти.

Өтүп бара жаткан жыл банктын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы - кубанычтуу учурлар менен эсте калды. Doscredobank бул мааракесин масштабдуу, шаңдуу жана эсте кала турган кызыктуу иш-чаралардын коштоосунда белгиледи. Мунун баарында биздин урматтуу кардарларыбыз, өнөктөштөрүбүз  кубанычыбыз менен бөлүшүп турдуңуздар. Сиздердин колдооңуздар, ишенимиңиздер бар үчүн Банк ийгиликтүү иштеп жатат жана өнүгүүдө, бул үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз.

Бүгүнкү күндө 800дөн ашык кызматкер Кайдзен корпоративдик маданиятын өнүктүрүү менен, туруктуу өнүгүп-өсүүнүн үстүндө, биримдиктүү командабызда иштеп жатат.

Биз мындан да мыкты болуу үчүн жана кардарларыбызды эң алдыңкы кызматтар менен кубандыруу үчүн бизнес-процесстерди жакшыртуунун үстүндө дайыма аракеттебиз. Негизги миссиябызды – инновациялар, алдыңкы технологияларды колдонуу менен жогорку сапаттуу каржылык кызматтарды ыкчам түрдө көрсөтүүнү, элдин, коомчулуктун пайдасына иштөөнү улантабыз.

Дагы бир жыл жемиштүү кызматташтык үчүн сиздерге рахмат! Биз сиздерди урматтуу кардарларыбыздын катарынан көрүүдө чынында кубанычта болобуз!