02 Ноябрь 2022 17:11

Doscredobank Баткенде каза болгон прапорщиктин үй-бүлөсүнө батир тапшырды

Doscredobank Баткендеги чек ара кызматында кызмат өтөп жүрүп курман болгон прапорщик Кулатбек Абдисамат уулунун үй-бүлөсүнө жардам иретинде Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батир тапшырды. 

Кулатбек Абдисамат уулу кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда эрдик көрсөтүп курман болгон, анын артында жубайы беш баласы менен калды. 

Маркумдун жубайы ал WhatsApp аркылуу сүрөт жана кыска гана билдирүү жибергенин айтат: 

“Ал алагды кылбагыла деп аудиобилдирүү жиберген. Андан кийин биз сарсанаа болуп кайра-кайра байланышууга аракет кылдык, бирок жооп болгон жок. Анан мен “Башталдыбы?”, деп жаздым, ал баары жайында экенин жазды. Андан кийинки жазган билдирүүлөрүм ачылып окулган да жок”,- деп эскерди маркумдун жубайы. 

Мындан мурун Кулатбек айылдын WhatsApp’тагы тайпасына маалымат жиберип, калкты коопсуз жайга эвакуация болушуна жардам берген. Кулатбек беш жоокер менен чогуу тоодогу жаңжал орун алып жаткан аймактын так борборундагы позициялардын биринде турушкан. 

Doscredobank Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу чыр-чатактан жабыркагандарга терең кайгыруу менен көңүл айтат. 

“Ушундай зарыл болуп турган кырдаалда өз учурунда жардам көрсөткөн Банкка ыраазычылык билдирем”,- деди маркумдун жубайы. 

Буга чейин Банктын кызматкерлери тарабынан акчалай жардам көрсөтүлүп жана Баткен, Ош облустарынын жашоочуларына гуманитардык жардам берилген.

Doscredobank калкка, балдар борборлоруна жана кайрымдуулук уюмдарына жардам көрсөтүү менен корпоративдик-социалдык жоопкерчиликке өзгөчө көңүл бөлөт.

Шилтеме:

Баткен жана Ош облустарында орун алган куралдуу чыр-чатактан жабыр тарткан кардарларды колдоо максатында, ошондой эле КРУБнын № 2022-П-12/62- (НПА) номерлүү “Коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген каржы-насыя уюмдарынын   Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу чыр-чатактан жабыркаган кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, “Дос-Кредобанк” ААКы жабыр тарткан кардарлардан келип түшкөн кайрылуулардын бардыгын карап чыкмакчы.

Кененирээк маалымат алуу үчүн "Дос-Кредобанктын" бөлүмдөрүнө кайрыла аласыздар, ал эми иштөө мөөнөтү боюнча маалымат менен www.dcb.kg таанышсаңыздар болот. (0225 00 86 86) WhatsАpp номерине же Банктын office@doscredobank.kg электрондук дарегине электрондук каттарды (сканерленген документтерди дагы) жиберсеңиздер болот.