11 Ноябрь 2022 10:11

Doscredobank Бишкек инвестициялык форуму-2022нин

Doscredobank Бишкек инвестициялык форуму-2022нин алкагында Green Expo-2022 көргөзмөсүнө катышты

10-11-ноябрда “Дасмия” этно-комплексинде Green Expo-2022 көргөзмөсү өтүүдө. Анда “жашыл” технологиялар, кызматтар, жана Кыргызстандын рыногуна чыгара турган продукттар, чечимдер көрсөтүлдү. 

Айлана-чөйрөгө кам көрүү – Банктын корпоративдик-социалдык жоопкерчилик тармагындагы негизги багыттагы иш-аракеттеринин бири. «DCB Green» программасынын алкагында Банк төмөнкүлөрдү сунуштайт: 
•    Туристтик объектилерге 10 пайыздык көлөмдөгү кэшбек менен (насыянын төлөнгөн пайыздык ченинин кайтарылган суммасы)  энергоэффективдүү жабдыктарды орнотуу; 
•    Электромобилдерди бөлүп төлөө жолу менен алуу. Муну менен абага чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн бир топко азайтууга болот; 
•    “Экодом” жашыл насыясы. Бул менчик үйлөргө газ киргизүүгө, энергияны үнөмдөгөн мештерди орнотууга, жылуулук системасын жакшыртууга, үйлөрдү жылуулоого багытталган насыя. Мындай аракеттер менен да абанын булганышын азайтууга болот; 
•    айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн иштетүүгө каражат алуу (мал жандыктарды көбөйтүүгө, эгин айдоого жана айыл чарда продукцияларын кайра иштетүүгө). 

Мунун баары Doscredobank’та ыңгайлуу шарттар менен берилет!

Көргөзмө 10-11-ноябрда өтөт. Эгерди сизди Банк жогоруда сунуштаган кызматтардын бири кызыктырган болсо биздин кызматкерлер сизге кеңеш беришип, биргеликте ылайыктуу насыяны тандоого жардам берет!
Кошумча кеңеш, маалыматтарды алуу үчүн 8686 номерине чалсаңыз болот (мобилдик телефондон чалуу акысыз).