16 Ноябрь 2022 18:11

Doscredobank Улуттук салык форумунда

2022-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында “Салык кызматы - салык төлөөчүнүн пайдасына” темасындагы Улуттук салык форуму болуп өттү. 

Doscredobank’тын кызматкерлери иш чарага катышышты, ал эми форумга келген коноктор кызыктырган продукттар боюнча банктын кызматкерлеринен кеңеш алышты. Форумга мамлекеттик органдардын, бизнес-бирикмелердин, эл аралык уюмдардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана кызыккан салык төлөөчүлөр да катышышты. 

Форумдун катышуучулары салык салууга байланышкан, салык саясатын ишке ашыруу боюнча сунуштар, ошондой эле салык боюнча сабаттуулукту жана калктын салык маданиятын жогорулатууга байланышкан үч багыттагы талкуу сессиясында актуалдуу маселелерди талкуулашты.