10 Ноябрь 2022 10:11

Doscredobank Самарканд шаарындагы кайрымдуулук жарышына катышты

Doscredobank Самарканд шаарындагы кайрымдуулук жарышына катышты

6-ноябрда Самарканд шаарында жыл сайын уюштурулуучу Samarkand Marathon кайрымдуулук марафону өттү. Анын катышуучулары 42, 21 чакырым аралыктарга жана 10 чакырымга чуркоо боюнча күч сынашты. 

10 чакырым аралыкка чуркоого катышып, ийгиликтүү финишке жеткен кесиптешибиз Азат Алымкуловду куттуктайбыз. 
Жарышта Азат Кыргызстандан ага катышуу үчүн барган көрүүсү начар адамдарга колдоо көрсөттү. Ал биздин мекендештерди коштоп жүрүүчү катары 10 чакырымга шерик менен чуркап, команда 2-орунга татыды. 
Doscredobank корпоративдик-социалдык жоопкерчиликтин алкагында кызматкерлердин сергек жашоо образына жана буга байланыштуу жеке демилгелерине өзгөчө көңүл буруп келет. 
Биздин активдүү жана спортчу кесиптештерибиз менен сыймыктанып, аларды жеңиши менен дагы бир ирет куттуктайбыз! 

Маалымдама: Samarkand Marathon – Өзбекстанда 2019-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан эл аралык кайрымдуулук марафону. 2022-жылы бул марафон Abbott WMM Wanda age Group World Championship жаш курактык топтогулар арасында марафон боюнча дүйнө чемпиондугунун квалификацияланган тизмесине кирди. Марафон өткөн трасса AIMS эл аралык марафондор жана жарыштар ассоциациясы тарабынан тастыкталган .