21 Июль 2022 11:07

Doscredobank. Кыргызстандын келечеги - жашыл экономиканы өнүктүрүүдө

 Doscredobank GCF – Жашыл климаттык фонд – климаттык өзгөрүүлөр менен күрөшүүгө  колдоо көрсөткөн ири глобалдык фонд долбоорун ишке ашырган Кыргызстандагы  биринчи банк. Республика үчүн уникалдуу долбоордун ачылышы Бишкек шаарында болуп өттү.


Doscredobank заманбап финансылык уюм катары түрдүү экологиялык долбоорлорду жана атуулдук демилгелерди көтөрүү менен климаттын өзгөрүүсүнө карата күрөшүүгө, өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга өз салымын кошууну чечти.
“Жашыл климаттык фонд Doscredobank’тын билдирүүсүн колдоого алып, банктын операциялык процесстерине туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык стандарттарын жайылтуу боюнча техникалык  колдоо көрсөттү ”, - деп белгиледи Doscredobank башкармалыгынын төрайымы  Чолпон Эшбердиева.


Бул долбоордун кеңешчиси - Agrer SA  компаниясы менен келишим боюнча иштешкен DDA International Consulting Ltd’нын ага өнөктөшү, профессор Дэвид Аннандейл болду.


Жолугушууга Жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Улуттук банктын, Каржы министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдардын, эл аралык өнөктөштүк уюмдардын, БУУнун өнүктүрүү программасынын, AmCham, АЭФБ жашыл финансы борборунун жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Профессор Дэвид Аннандейл Жашыл климаттык фонддон аккредитация алууну каалаган коммерциялык жана финансылык компаниялар эске алып сактоолору керек болгон талаптар тууралуу айтып берди.


Биринчи кезекте бул гендердик саясаттын экологиялык жана социалдык стандарттарын, негиздерин, талаптарын так аткаруу.
“Эске алуучу жагдай - уюм айлана-чөйрөгө, калктын аярлуу катмарына же аялдарга зыян тийгизген долбоор, программаларды колдобойт. Мындан тышкары жакырчылыкка, социалдык теңсиздикке же гендердик дискриминацияга түрткөн долбоор, программаларды да колдоого албайт”, - деп белгиледи Дэвид Аннандейл.

  • Doscredobank үчүн техникалык колдоо долбоору Doscredobank DCB Green банктык программасынын алкагында ишке киргизилди. Ал Кыргызстандын бардык аймактарына экологиялык таза технологияларды жайылтууга багытталган.

 
“Жашыл климаттык фонд долбооруна катышуу бизге келечекте фонддун ресурстарына түз жетки алууга мүмкүндүк берет. Анын негизинде тазалоочу курулуштар, энергияны жаңылоо булактары, экотуризмди өнүктүрүү, экологиялык таза айыл чарбасы, электромобилдерди жайылтуу, энергияны үнөмдөө, жашыл ипотека өңдүү көптөгөн жашыл долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болобуз”, - деди Doscredobank’тын директорлор кеңешинин төрагасы Бакыт Нариман уулу долбоордун ачылышында.


Жашыл климат долбоору 2010-жылы 194 өлкөнүн өкмөтүнүн катышуусунда БУУнун Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 16-Конференциясында түзүлгөн. Анын башкы максаты – өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө парник газдарынын чыгындыларын азайтуу, миграциянын негативдик кесепеттери менен күрөшүү, калктын аярлуу катмарынын климаттын өзгөрүүлөрүнө адаптация болушуна кам көрүү.