2025-жылдын 26-декабрында «Дос-Кредобанк» ААКнын жаңы VIP-борборунун расмий ачылышы болду.
Жаңы мейкиндик кардарлардын жайлуулугу үчүн гана эмес, өзгөчө көркөм идея менен жаратылган. VIP-борбордун интерьери Хан-Теңири чокусу чагылдырылган көркөм сүрөттү жана нумизмат, археолог, Кыргыз Республикасынын тарых илимдеринин кандидаты Камышев Александр Михайловичтин катышуусунда жасалган, нумизматикалык монеталар бар дубалды камтыйт. Бул элементтер борборго кайталангыс мүнөздү жана өзгөчө маанини берет.
VIP-борбордо кардарлар банктык кызматтардын толук спектрин пайдалана алышат:
• акча которуулар;
• банктык карталарды тариздөө жана тейлөө;
• кредиттер - алуу жана төлөө;
• депозиттер - ачуу жана толуктоо;
• валюталарды алмашуу;
• эсептерди ачуу жана комплекстүү финансылык коштоо.
«Дос-Кредобанк» ААКнын VIP-борбору убакытты, купуялуулукту жана жеке мамилени баалаган кардарлар үчүн арналган.
VIP-борбордун дареги:
«Victory» ББ, Бишкек ш., Ибраимов көч., 103
Байланыштар:
Телефон: 8686 — чалуу акысыз
WhatsApp: +996 225 008 686
Финансылык чечимдер оңой, тез жана ар бир кардарга өзгөчө көңүл буруу менен кабыл алынган мейкиндикке кош келиңиз.