Бүгүн 12:01

«Дос-Кредобанк» ААК накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууга карата КР МСКнын жаңы талаптары жөнүндө маалымдайт

«Дос-Кредобанк» ААК 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу тартибин жөнгө салуучу КР Мамлекеттик салык кызматынын жаңы талаптары күчүнө киргенин маалымдайт.

Белгиленген ченемдерге ылайык жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын эсептерине гана накталай эмес төлөмдү кабыл алууга уруксат берилген.
Жеке жактардын өздүк эсептерине төлөмдөрдү кабыл алууга жол берилбейт жана салык мыйзамдарынын алкагында айып санкцияларын колдонууга алып келиши мүмкүн.

Эсептешүүлөрдүн мыйзамдуу формаларына өтүүдө ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында «Дос-Кредобанк» ААК бизнес үчүн QR-төлөмдөрдү — КР МСКнын талаптарына толук жооп берген, накталай эмес төлөмдү кабыл алуунун ыңгайлуу жана заманбап ыкмасын сунуштайт.

«Дос-Кредобанк» ААКдан QR-төлөмдөрдүн артыкчылыктары:
 • каражаттарды түз жеке ишкердин эсебине чегерүү;
 • эсептешүү эсебин акысыз ачуу жана тейлөө;
 • QR-кодду акысыз орнотуу;
 • кошумча жабдуунун зарылчылыгы жок;
 • соодада, кызмат көрсөтүү жана жеткирип берүү чөйрөсүндө колдонуу мүмкүнчүлүгү.


Консультация алуу жана QR-төлөмдөрдү кошуу үчүн ишкерлер:
 • Кыргыз Республикасынын бардык аймагында «Дос-Кредобанк» ААК кеңселерине кайрылса;
 • 8686 кыска номерине чалса (чалуу акысыз);
 • WhatsApp номерине жазса болот: +996 225 008 686

«Дос-Кредобанк» ААКнын адистери консультациялык колдоо көрсөтөт жана кошуунун бардык этаптарында кардарларды коштоону камсыз кылат.