2026-жылдын 30-январында “Дос-Кредобанк” ААК жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети билим берүүнү өнүктүрүүгө жана жаштардын кесиптик өсүшүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Өнөктөштүктүн алкагында Банк университетке окуу классын жабдуу үчүн 15 компьютер тапшырды. Жаңы билим берүү аянтчасы студенттерди окутуу жана практикалык даярдоо үчүн колдонулат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз улуттук университети менен “Дос-Кредобанк” ААКнын ортосундагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, банкта студенттердин такшалмадан жана практикадан өтүүсүн уюштуруу, биргелешкен билим берүү демилгелерин ишке ашыруу, ошондой эле тренингдерди өткөрүү маселелери каралды. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү меморандумга кол коюлду.
Кызматташуу билим берүү чөйрөсү менен финансы секторунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана талап кылынган адистерди даярдоого багытталган.
“Дос-Кредобанк” ААК адам капиталын жана өлкөнүн келечегин өнүктүрүүгө инвестиция салуу менен, билим берүү демилгелерине колдоо көрсөтүп келет.