«Дос-Кредобанк» ААК эл аралык которууларды жүргүзүүдө кардарларга көбүрөөк ыңгайлуулукту берүү менен, KWIKPAY төлөм системасынын функционалы кеңейтилгенин маалымдайт.
Бүгүнкү күндөн тартып Банктын кардарларына төмөнкү өлкөлөрдө чыгарылган банктык карталарын толуктоо кызматы жеткиликтүү:
• Армения (ARCA төлөм системасы);
• Казакстан;
• Өзбекстан;
• башка өлкөлөр.
KWIKPAY сервисинин артыкчылыктары:
• операцияларды жүргүзүүнүн ыкчамдыгы;
• пайдалануунун ыңгайлуулугу жана жөнөкөйлүгү;
• кеңейтилген которуулар географиясы;
• банктын бардык бөлүмдөрүндө, ошондой эле төмөнкү аманат кассаларында күнү-түнү (24/7) кызматтын жеткиликтүүлүгү:
Бишкек ш.:
• «Алма» аманат кассасы — Чүй пр., 92, М-10 жана М-20 бутиктери (ГУМ «Чынар», Шопоков көч. тараптан кирүү)
• Весна» аманат кассасы — Калык Акиев көч., 66(Токтогул көч. менен кесилиш, «Весна» САБ, 1-кабат, №4 бутик)
Ош ш.:
• 24/7 аманат кассасы — Анар кичи району, Р. Абдыкадыров көч., 203А
• «Глобус» аманат кассасы — Аскар Шакиров көч., 275
«Дос-Кредобанк» ААК өз кардарлары үчүн финансылык операцияларды кыйла ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу менен, заманбап санариптик чечимдерди киргизүүнү улантат.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыштар:
Тел.: 8686 (чалуу акысыз)
WhatsApp: +996 225 008 686