13 Декабрь 2022 15:12

2022-жылдын 8-декабрында акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны өттү

“Дос-Кредобанк” ачык акционердик коому 2022-жылдын 8-декабрында, саат 14:00дө Бишкек шаары, Чүй кең көчөсү 92 дарегинде акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны болуп өткөндүгүн акционерлерине маалымдайт. Чогулуштун кворуму 86,1630 пайызды түздү. 

Добуш берүүгө коюлган маселелер: 
1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү. 
2. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча дивиденддердин көлөмүн жана төлөм тартибин бекитүү. 
3. “Дос-Кредобанк” ААКтын Карпоративдик башкаруу кодексин бекитүү. 

Акционерлердин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынган чечимдер: 

1. Кезексиз жалпы жыйындын эсептик комиссиясын бекитүү. 
2. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча түшкөн таза кирешенин 25 пайызын бөлүштүрүү. 
- 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бир акцияга дивиденддин көлөмүн бекитүү - 37,594181 сом (отуз жети сом 594181 тый.). 
- Дивиденддерди накталай акча каражаты менен төлөө формасы. 
- Дивиденддерди төлөп баштоо күнүн 2022-жылдын 12-декабрында белгилөө. 
- Дивиденддерди төлөө жайын аныктоо: Бишкек шаары, Чүй кең көчөсү, 92. 

3. 2022-жылдын 8-декабрынан тартып “Дос-Кредобанк” ААКтын Корпоративдик башкаруу кодексин бекитүү.