10 Сентябрь 2025 09:09

«Дос-Кредобанк» ААК жана MOVEGREEN өнөктөштүк жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

MOVEGREEN экологиялык уюму менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. MoveGreen айлана-чөйрөнүн абалын мониторингдөө, экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу жана туруктуу өнүгүү принциптерин жайылтуу багытында долбоорлорду ишке ашырган уюм болуп саналат. Өнөктөштүк өлкө аймагында экологиялык демилгелерди кеңейтүү жана калктын жаратылышты коргоо маселелерине болгон маалымдуулугун арттыруу үчүн тажрыйбаны жана ресурстарды бириктирүүгө багытталган.

Келишим айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтууга багытталган программаларды биргелешип иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен катар күнүмдүк турмушка экологиялык ыкмаларды киргизүүнү, жаштарга жана билим берүү демилгелерин өнүктүрүүнү камтыйт. Негизги багыттардын бири – жаратылыш ресурстарына жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга жана туруктуу жашоо образын жайылтууга багытталган долбоорлорду колдоо болуп саналат.

Меморандумга кол коюу туруктуу өнүгүү принциптерин илгерилетүүдө активдүү катышууга болгон умтулуубузду тастыктап, ушул багыттагы өнөктөштөрдүн тармагын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Өнөктөштүк алкагында бир катар иш-чаралар жана программалар ишке ашырылат, алар тууралуу маалымат иш жүзүнө ашырылып барган сайын берилет.